АНДРЕЕВ Юрий Николаевич
Jump to navigation
Jump to search
АНДРЕЕВ Юрий Николаевич (7. 8. 1933-жылы туулган) -геолог, Кыргыз ССРинин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1972). Ростов мамл. университетинин геология факультетин бүтүргөн (1957). Кыргыз геологиялык башкармасынын Түштүк Кыргызстан геологиялык экспедициясында геолог (1957-73), башкы геолог (1973-76) болуп иштеген. Кыргызстандагы сымаптын ири кенин чалгындоо жумуштарына активдүү катышкан.