АЛИШЕР Навои

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:09, 6 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) (мавзолей) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛИШЕР Навои – Низомиддин Мир Аишер (9. 2. 1441-жыл, Афганистан өлкөсү, Герат шаары – 3. 1. 1501-жыл, Герат шаары), өзбек акыны, суфий, ойчул, Хорасан шаарынын мамлекеттик ишмери.

Алишер Навои.jpg

Негизги чыгармаларын Навои (күү) деген каймана ат менен адабий чагатай тилинде жараткан жана анын өнүгүшүнө байкаларлык таасир тийгизген, Фани (өзгөрмөлүү) каймана аты менен перс тилинде жазган. Анын чыгармачылыгы түрк тилдериндеги адабияттын, өзгөчө чагатай тилинин жана аны кабыл алган өзбек жана уйгур тилдериндеги адабияттын салттарынын өнүгүшүнө күчтүү түрткү берген.

1863-жылы Орто Азияга келген венгр чыгыш таануучусу, саякатчы Арминий Вамбери Алишер Навои жөнүндө: «эң улуу өзбек акыны Навои баарына белгилүү», – деп жазган. Советтик жана орус тарыхында Алишер Навои өзбек акыны, ойчул жана мамлекеттик ишмер катары таанылат.

Низамиддин Мир Алишер 1441-жылдын 9-февралында Тимуриддер мамлекетинин аткаминери Гиясаддин Кичкинанын үй-бүлөсүндө туулган, алардын үйүнө ошол кездеги философиялык ойдун жана искусствонун көрүнүктүү ишмерлери келип турушкан. Бул убакта Темирландын уулу Шахрух борбору Герат болгон Хорасанды башкарып турган. Мир Алишердин таекеси Мир Саид акын, экинчи таекеси Мухаммад Али Гариби деген каймана ат менен ыр жазган музыкант жана каллиграф катары белгилүү болгон. Алишердин аталаш бир тууганы Саид-ака Хайдар Сабухи деген поэтикалык лакап аттын ээси болгон. Ошентип ал кичинекей кезинен эле дайыма ыр угуп чоңойгон жана уккандарынын көбүн эсинде сактап калган. Атасынын достору Алишерден үч-төрт жашында үйрөнгөн, акын Касым аль-Анварга таандык болгон биринчи ырын айтып берүүсүн суранып, анын айтуусуна абдан таң калышкан

Китеби.jpg

.

Шараф аддин Али Йазди менен жолугушуусу

1449-жылы Алишердин ата-энеси ошол кезде Темирландын атактуу тарыхчысы Шарафаддин Али Йазди жашаган Тафт шаарынан өткөн. Саякатчылар токтогон кербен сарай Шарафаддиндин үйүнүн жанында жайгашкан болчу. Алишер башка балдар менен ойноп жатып, кокусунан ал үйдүн короосуна чуркап кирип, кадырлуу карыяны көрүп калат. Окумуштуу аны чакырат жана Алишер ага кайрылган тарыхчынын бардык суроолоруна акыл-эстүүлүк менен жооп берет. Ал аны мактап, мектепке барасыңбы деп сурайт. Алишер буга чейин Куран окуп жүргөнүн жана «Табарака» сүрөсүнө жеткенин сыймыктануу менен жооп берет. Шарафаддин баланын акыл-эстүүлүгүн, кайраттуулугун жактырып, батасын берген.

Алишер Навои жана сарбадарлар

Навои бир убакта тимурид Байсункардын колунда жүрүп, сабзеварлык сарбадарлардын арасындагы (башкаруунун демократиялык ыкмаларын жактаган) акын Амир Шахи (Амир Ара-Малик ибн Жамаладдин) менен кат алышып турган.

Медреседеги окуу

Алишер он беш жашка чыга элек кезинде эле эки – фарсы жана өзүнүн эне тили – чагатай тилдеринде (зул-лисанайн) ыр жазган акын катары атак-даңкка ээ болгон: Алишер Навоинин устаттарынын бири Тимуриддер доорунун түрк акыны Ардашер Сайид Хасан (1418–1489) болгон. Жаш кезинен тимуриддердин үй-бүлөлөрүнүн балдары менен тарбияланган, кийин Хорасан мамлекетинин башчысы, ошондой эле акын жана искусствонун колдоочусу Султан Хусейн менен өзгөчө достук мамиледе болгон.

Алишер Навои Гератта (Хорасандын болочок башкаруучусу Хусейн Байкара менен бирге өмүрүнүн акырына чейин достук мамиледе болгон), 1457–1463-жылдары Мешхеддеги медреседе окуган. Навоинин устаттарынын арасында кийин акындын досу жана пикирдеши Жами да болгон.

Навои Самаркандда

1466–1469-жылдары Алишер Навои Самаркандда жашап, медреседе окуган. Ал жерден эки асыл колдоочусун – карындашы тимурид Абу Саидге турмушка чыккан Дервиш Мухаммад Тарханды жана он жыл Гераттын акими, андан кийин Самаркандда мамлекеттик бийликтин өкүлү болгон, билимдүү, поэзияны сүйгөн, өзү Вафаи деген каймана ат менен ырлар жыйнагын (диванын) түзгөн Ахмад-Хаджибекти тапкан. Ушул эки көрүнүктүү адамдын жардамы менен Алишер Навои Самарканддагы эң белгилүү мыйзам таануучу жана араб тили боюнча мыкты адис Кожо Фазаллах Абу-л-Лайсинин медресесине жумушка орношкон. Навои Кожо Фазлаллахтын мыйзамын жакшы билгендигинен улам экинчи Абу Ханифа деп аталганын айтат (ал эң атактуу мусулман мыйзамын таануучу, төрт суннит ортодоксалдык мектептеринин бири – ханафийдин (мазхаб) негиздөөчүсү болгон). Бийликке досу тимурид Хусейн Байкара келгенден кийин Алишер Навои туулган жери Гератка кайтып келет. Алишер Навои самарканддык суфийлердин Накшбандия орденинин лидери Убайдулла Кожо Ахрар менен жакшы мамиледе болуп, 1490-жылы ыйык кожого жардам берүү үчүн Самаркандга жеке дарыгерин жиберген.

Гераттагы ишмердиги

1469-жылы 4-апрелде Гераттагы Султан-Хусейндин ордосунда чоң кабыл алуу болгон. Навои майрамда сөз сүйлөп, султанга «Хилалия» («Жаңы ай») касыдасын (ода) тартуулаган, сыягы, анын бардык бейиттеринде (редиф) акыркы сөз хилал сөзү болгон үчүн ушундай аталышка ээ болгон.

Ошол эле жылы Алишер Навои достук мамиледе болгон Хорасандын башкаруучусу Хусейн Байкардын кол алдындагы мөөрдүн сакчысы болуп дайындалат. 1472-жылы вазир даражасын жана эмир титулун алган. 1476-жылы ал кызматтан кеткен, бирок Гераттагы маанилүү иштерди ага ишенип берип турган султанга жакын бойдон кала берген.

1487–1489-жылдары Алишер Навои Астрабад шаарынын башчысы кызматын ээлеп, андан кийин Гератка кайтып келген.

с
мавзолей


Алишера Навоинин мавзолейи, Герат, 1976-ж.

1469-жылы июнда Навоинин кийлигишүүсү Гератта чоң толкундоонун алдын алган. 1469-жылы 22-июнда бир шиит даватчысынын фанаттык көз караштагы насаат айтышы чогулгандардын катуу кыжырдануусун жараткан.

Делегация султанга арыз менен бара жатып, аны көчөдөн көрүп калышат. Ошентип ал шиит даватчысы мечиттен куулуп салынган. Муну менен  Султан Хусейндин сунниттердин салттарын бузбай турганы далилденген. Навои суннит агымына киргени анык: анын эмгектеринде шииттерге болгон тилектештиктин көрүнүштөрү жок.


Илимге жана маданиятка колдоо көрсөтүү

Навои илимпоз, ойчул, сүрөтчү, музыкант, акындарга жана каллиграф түздөөчүлөргө каржылык колдоо көрсөтүп турган.

Анын тушунда Гератта арасына өзү, Хусайни деген каймана ат менен поэзия жазган Жами султан, тарыхчылар Мирхонд, Хондамир, Васифи, Самарканддын Давлятшахы, сүрөтчү Кемаледдин Бехзад, архитектор Кавам-ад-дин кирген илимпоздордун жана чыгармачыл адамдардын чөйрөсү түзүлгөн. Навоинин демилгеси жана башкаруусу менен Гератта Инжил каналынын жээгинде курулуш жүргүзүлүп, медресе, ханака, китепкана, оорукана тургузулган. Навоинин жеке катчысы Абдулжамил да ырларды жаратып, башчысынын чыгармасын көчүрүп берип турган жана Навоинин көрсөтмөсү менен Ихласийа аты берилген мечит менен медресени тургузган. Медресе эки чыгыш жана батыш бөлүктөн туруп, ар бирине мыйзам таануу (фикх) жана хадис курстарын (пайгамбардын сөздөрүн) окуган бирден окутуучу бөлүнгөн. Ар бир окутуучу он бир окуучуну даярдап чыгарып турган. Медресенин маңдайына куран окугандар ыйык китепти тынымсыз окуп туруучу имарат курулган. Бул имарат Дар-ал-хуффаз (Куран окурмандар үйү) деп аталган. Медресенин түштүк тарабында ханака курулуп, анда кедейлерге күн сайын бекер тамак-аш, жылына бир жолу кийим-кече берилип турган. Жума намаз үчүн ханаканын жанына имарат курулган. Ханака Хуласийа деп аталган. Медресе мугалимдерине жыл сайын 1200 алтын жана 24 кап дан бөлүнүп турган. Студенттер жетишкендиктери боюнча үч категорияга бөлүнүшкөн: алдыңкы алтыга 24 алтын жана 5 кап дан, ортоңку сегизине 16 алтын жана 4 кап; эң начар сегизине 12 алтын жана 3 кап берилип турган. Ал жыл сайын кедей-кембагалдарга миңден кийим таратчу жана 380 коомдук имарат курган. Алишер Навои ойчул катары Накшбандия дервиш суфий агымынын мүчөсү болгон. Ал Раббисин (Аллахты) гана сүйгөн, ошондуктан үйлөнүүгө кызыккан эмес. Бул тууралуу ал «Лисон ут-таирде» («Чымчыктардын тили») мындай деп жазат: «Мен Феникстей болуп, сүйүүнүн жалынында төрөлгөм. Анткени ал жалында туулуп, анын ичинде өлөт. Ал күйүш үчүн гана төрөлгөн. Жок, жок, эмне деп жатам, мен чыныгы Феникс күйгөн жалындын учкундарынан гана күйдүм (Аттар деп айткысы келди)».

Атактуу колбашчы, акын жана жазуучу Захир ад-дин Мухаммед Бабур өзүнүн «Бабур-наме» эскерүүсүндө мындай дейт: Алишер бек Навои... Султандын беги эмес, анын жолдошу болгон. Бала кезде бир мектепте окушкан, ортодо абдан жакындык болгон... Алишер бек өтө кылдат мүнөзү менен белгилүү болгон. Анын бул мүнөзү бийликке кызыккандыгынан чыккан дешкен, бирок андай эмес болгон. Бул анын табигый сапаты эле... Алишер бек сыяктуу илим жана искусство адамдарынын дагы бир шериктеши, колдоочусу болгонбу белгисиз... Ал кургандай пайдалуу имараттарды курууга аз эле адамдар жетишти. Бул дүйнөдө өмүр жолун уулсуз, кызсыз, аялсыз, тынчтыкта, жалгыз, жеңил жана кереметтүү өткөрдү.

Чыгармалары

Алишер Навоинин чыгармачылык мурасы эбегейсиз жана көп кырдуу: ага 30га жакын негизги эмгектер – ыр жыйнактары (дивандар), поэмалар (дастандар), философиялык жана илимий трактаттар кирет. Орто Азиянын жана Жакынкы Чыгыштын мусулман элдеринин көп кылымдык маданий салттарын колдонуу аркылуу Алишер Навои толугу менен оригиналдуу чыгармаларды жараткан.

Лирикасы

«Ойлор казынасы» – Алишер Навоинин поэтикалык жыйнагынан бир барак, даңазалуу Сулаймандын китепканасынан алынган кол жазма. Акындын лирикалык мурасы эбегейсиз зор. Анын газал жанрындагы белгилүү 3150 чыгармасы түрк жана фарси тилдериндеги дивандарга киргизилген.

«Ойлор казынасы» 1498–1499-жылдары акындын өзү тарабынан хронологиялык негизде түзүлгөн поэтикалык жыйнак болуп, ага акындын өмүрүнүн төрт мезгилине туура келген төрт диван: «Балалыктын кереметтери», «Жаштыктын сейрек кездешүүчүлөрү», «Жаштыктын кереметтери», «Карылык үчүн насаат» кирет. Ырлары ар кандай лирикалык жанрларга таандык, алардын ичинен газалдары өзгөчө көп (2600дөн ашык). Дивандары түрк элдеринин туюги элдик чыгармачылыгына таандык башка жанрдагы ырларды – мухаммас, мусаддас, местазада, кыты, рубаини да ичине камтыган. Лирикалык ырларды даталоо кыйын, анткени аларда акындын жашоосунун белгилүү фактыларына жооптор өтө сейрек кездешет жана окуялуулук аларга таптакыр мүнөздүү эмес.

«Ойлордун казынасы» – акындын башынан өткөргөн бардык тынчсыздануу гаммаларын чагылдырган лирикалык өкүнүүсү. Сырткы сүйүү планы менен бирге алар суфийлик жол менен рухийлештирилген жана метафоралык жол менен сезимдик лириканын салттуу образдарын колдонууну камтыйт. Ошол эле учурда Навоинин оригиналдуу метафоралары салттык метафоралар менен чырмалышкан чыгыш поэзиясынын бай салтынан алынган. Навои үчүн сүйүү – бул бир эле мезгилде адамды өзүнө баш ийдирген, аны эркиндиктен ажыраткан жана бийик, руханий, өзгөчө эротикалык жердеги сезим. Ошол эле учурда бул акында пессимизмди пайда кылбайт, анткени Навои сүйүү азабын руханий кайра жаралуунун негизи катары түшүнөт. Навои өзүнүн негизги милдеттеринин бири катары адабий түрк тилин өнүктүрүү деп эсептеген. Акындын дал ушул лирикасында түрк ырлары көркөм айкындыктын туу чокусуна жеткен: анын газалдары филиграндык деталдаштырылгандыгы, формалдуу эрежелерге чебер шайкештиги, семантикалык оюну, образдардын, аллегориялардын жана метафоралардын жаңылыгы менен таң калтырат. Навоинин лирикасынын аркасында фарси тили жалгыз адабий тил статусун жоготкон. Бабур өзүнүн эскерүү китебинде анын тили жөнүндө мындай дейт: «Алишер бек теңдешсиз адам болгон. Түрк тилинде ырлар жазыла баштагандан тартып, башка эч ким мынчалык көп жана мынчалык мыкты ыр жараткан эмес». Акын ошондой эле «Диван Фани» деп аталган фарси тилиндеги лирикалык ырлар жыйнагын да түзгөн. «Кырк хадис» («Арбаин кирк хадис») башка типтеги эмгек. Бул Мухаммед пайгамбардын хадистеринин темасында жазылган түрк тилиндеги 40 куплет ыр. Чыгарманын негизин Жаминин фарси тилиндеги ошол эле эмгеги түзгөн (негизинен Навоинин чыгармасы эркин котормо). Навои өзүнүн фарс тилиндеги касидаларын эки жыйнакка – «Алты зарылчылык» («Заруриянын ситтаиси») жана «Жылдын төрт мезгили» («Фусули арбаа ») деп чогулткан.

«Хамса»[

Негизги макала: Хамса (Навои)

Навоинин чыгармачылыгынын туу чокусу атактуу «Хамса» (бештик) болуп саналат, анда беш эпикалык поэма: дидактикалык «Адилдердин чаташуусу» (1483) жана баатырдык сюжет (дастандар), «Лейли менен Мажнун» (1484), «Фархад» жана Ширин» (1484), «Жети планета» (1484), «Искандер дубалы» (1485) камтылган.

«Бештик» Низами Гянджавинин жана инд-перс акыны Амир Хусров Дехлавинин (фарс тилинде жазган) «Бештигине» «берген жообун» (назирдин) билдирет. Навои алардын чыгармаларынын сюжеттерин, кээ бир формалдуу белгилерин кайра талдап чыгарат, бирок көбүнчө темаларды жана сюжеттик кырдаалдарды башкача түшүндүрмөлөө аркылуу окуяларды, образдарды жаңыча чечмелеп берет.

«Адилеттердин чаташуусу» – циклдин биринчи поэмасы, дидактикалык-философиялык маанидеги чыгарма. Низаминин «Сырлар казынасы» поэмасынын мотивдерин өнүктүрөт. Ал 64 бөлүмдөн туруп, дин, адеп-ахлак жана этика маселелерин козгойт. Поэмада феодалдык араздашуу, мамлекеттик ак сөөктөрдүн ырайымсыздыгы, бектердин өзүм билемдиги, шейхтердин эки жүздүүлүгү ашкереленген. Акын адилеттиктин идеалдарын жалындуу ырастайт.

«Лейли менен Мажнун» – орто кылымдагы араб уламышынын негизинде жазылган поэма (ошондой эле Низами Гянджави, Амир Хосров, Жами тарабынан иштелип чыккан), жаш акын Кайстын сулуу Лейлиге болгон кайгылуу махабаты. Конфликттин толкунданткан жана ырдын назик поэтикалык тили аны чыгыш окурмандарынын арасында кеңири жайылтты. Поэма Чыгыш адабиятына жана өзбек фольклоруна чоң таасирин тийгизген.

«Фархад жана Ширин» – Фархад баатырдын перс шахы Хосров атаандашкан армян сулуусу Ширинге болгон сүйүүсүнүн эски сюжетине негизделген баатырдык-романтикалык поэма. Сюжетти Низами Гянджави иштеп чыккан, бирок Навоинин поэмасы окурмандын көңүлүн Шах Хосровдон Фархад баатырга буруп, аны идеалдуу эпикалык баатырга айландыргандыгы менен өзгөчөлөнөт. Бул Алишер Навоинин элдик поэтиканын ыкмаларын жана элдик жомоктордун (дастандардын) салттарын колдонгонунун аркасында мүмкүн болгон.

«Жети планета» – жети жомоктук аңгемени жалпы алкакта бириктирген поэма. Поэмада аллегориялык форма менен Алишер Навоинин айланасындагылар, өкүмдарлар (Тимуриддер), Султан Хусейн жана анын төбөлдөрү сынга алынат.

«Искандер дубалы» – идеалдуу адилет башкаруучу – даанышман Искандердин (Искендер Зулкарнайн Чыгышта ушундай ат менен белгилүү) жашоосу жөнүндө жалпы жарым фантастикалык сюжет боюнча жазылган циклдин акыркы поэмасы.

Филологиялык трактаттар

XV кылымдын айрым авторлору түрк тили поэзияга катаал деп эсептешкен. Бул пикирди Алишер Навои өзүнүн «Эки тилге өкүм» (1499) трактатында жокко чыгарат. Ал түрк тилинин маданий жана көркөм маанисин негиздейт.

Навои мындай деп жазат: «Түрк тилинин байлыгы көптөгөн фактылар менен далилденген. Элдик чөйрөдөн чыккан таланттуу акындар перс тилинде өз жөндөмүн көрсөтпөшү керек. Эгерде алар эки тилде тең жарата алышса да, өз тилинде көбүрөөк ыр жазганы дурус». Андан ары улантат: «Мага татыктуу түрк элинин алдында улуу чындыкты орнотконумдай сезилет, алар өз сөзүнүн жана анын билдирүүлөрүнүн чыныгы күчүн, тилинин жана сөздөрүнүн кереметтүү касиеттерин түшүнүп, тилине перс тилинде кемсинткен ыр саптарынын чабуулдарынан кутулушту».

«Өлчөмдөр таразасы» трактатында адабият теориясы жана ыр жазуу маселелери көтөрүлөт. Алишер Навоинин теориялык жоболору жана чыгармачылыгы чагатай тилиндеги өзбек жана уйгур адабиятынын жана башка түрк тилдүү адабияттардын да (түркмөн, азербайжан, түрк, татар) өнүгүшүнө зор таасирин тийгизген.

Тарыхый жазуулары

Алишер Навои – биографиялык жана тарыхый китептердин автору: «Беш тынчыздануу» (1492) Жамиге арналган, «Өзгөчөлөнгөндөрдүн жыйнагы» (1491–1492) антологиясында Навоинин замандаштары болгон жазуучулардын кыскача мүнөздөмөлөрү камтылган, «Иран падышаларынын тарыхы» жана «Пайгамбарлар менен даанышмандардын тарыхы» Чыгыштын легендарлуу жана тарыхый инсандарын, зороастризм жана куран мифологиясы жөнүндө маалыматтарды камтыйт.

Мамлекет жөнүндө кечирээк жазылган чыгармалары

Алишер Навои өмүрүнүн акырында коомдун мыкты түзүмүнө арналган «Куш тили» («Куштардын парламенти» же «Симург») (1499) аллегориялык поэмасын жана «Жүрөктөрдүн сүймөнчүгү» (1500) философиялык-аллегориялык трактатын жазат. Китепте Жусуп Баласагындын жана Саадинин «Гүлистанынын» чыгармаларынын таасири ачылган.

Китеп ырайымсыз, сабатсыз жана адепсиз башкаруучуларды айыптап, бийликти адилеттүү, агартуучу башкаруучунун колунда борборлоштуруу идеясын ырастайт. Алишер Навои өмүр бою саясий ишмердиги менен адабий ишмердигин айкалыштырып жашаган.

Ал жогорку кызматта турган адам катары өлкөнүн социалдык-экономикалык турмушун жакшыртууга зор салым кошкон; илимге, искусствого жана адабиятка камкордук кылуу; ар дайым тынчтыкты жана ынтымакты орнотууга аракет кылган.


Адабий мурас жана ага карата таасири

Түрк тилинин грамматикасынын авторлору жана түрк тилинин сөздүгүнүн түзүүчүлөрү Навоинин эмгектерине таянуу менен анда бул тил эң таза түрүндө берилген деп эсептешкен. Алишер Навоинин поэзиясынын айрым салттары Осмон дөөлөтүнүн акындарына да таасир эткен. Ошондой эле анын поэзиясы өзбек акыны Надиранын (1792–1842) чыгармачылыгына эң чоң таасирин тийгизген, Хива ханы – акын Мухаммад Рахим-хан II (1864–1910) Алишер Навоинин (1441–1501) поэзиясына чоң кызыгуу көрсөткөн. А. Н. Самойлович белгилегендей, Хорезм акындары Алишер Навоинин поэзиясынын салттарын улантышкан. Кажар Иранында да А. Навоинин поэзиясына кызыгуу туулган.

Фатх Али Каджар Казвини тарабынан 1861-жылы Навоинин чыгармаларын изилдөөнү каалаган ирандык окурмандар үчүн сөздүк түзүү максатында «Бахжат ал-Лугат» («Сөздүн сулуулугу») аттуу лексикографиялык эмгек жазылган.

Эскерүү

·       Колбашчы, акын жана жазуучу Бабур Навоинин чыгармачылыгын жогору баалап, ал тургай аны менен кат алышууга аракет кылган.

·       Даңазалуу Сулайман Навоинин чыгармачылыгын жогору баалаган жана анын китепканасында «Ой казынасы», «Бешилтик» жана «Эки тилдин талашы» аттуу эмгектери жазылган кол жазмалар турган.

·       1872-жылы Бухара эмири Музаффар А. Навоинин диванынын кол жазмасын Британия ханышасы Викторияга белекке берген.

·       1860–1900-жылдары Хива хандыгынын өзбек сарай акындары Алишер Навоинин адабий стилин тууроого аракет кылышкан.

·       Кокондук өзбек агартуучу Ашурали Захири 1914-жылы макала жазып, анда Алишер Навоинин «Мухокамат-ул-лугатайн» чыгармасынын өзбек тилинин тарыхындагы маанилүү ролун баса белгилеген. Ал 1916-жылы басмаканадан «Мухокамат ул-Лугатейн» китебин чыгарган.

·       1942-жылы Алишер Навоинин 500 жылдыгына карата Советтер Союзунда почта маркалары басылып чыккан.

·       Алишер Навоинин чыгармалары XVI–XX кылымдын башында Орто Азиядагы бардык мектептердин жана медреселердин окуу программаларына киргизилген.

·       1941-жылы өзбек жазуучусу Муса Ташмухамедов «Алишер Навои» романын жазган.

·        1947-жылы Ташкент киностудиясында «Алишер Навои» тасмасы тартылган.

·        1966-жылы Өзбек ССРинде Алишер Навоинин 525 жылдыгы белгиленип, ага байланыштуу академик И. М. Муминовдун жетекчилиги астында Өзбекстандын Илимдер академиясынын окумуштууларынын делегациясы Гератка барып, ал жерде А. Навоиге тиешелүү материалдар топтолгон.

·        1980-жылдардын башында Өзбек ССРинде режиссёр М. Юнусов «Алишер Навои» аттуу 10 сериялуу видеотасма тарткан.

·        Өзбекстандын бир шаары жана бир облусу (Навои облусу) Навоинин ысымы менен аталган.

·        1970-жылы Алишер Навои атындагы кеме Ыраакы Чыгыш деңиз пароходдук түзүмүнө кирген.

·        Наманган облустук өзбек музыкалуу драма жана комедия театрына ысымы ыйгарылган.

·        Ташкент шаарында Алишер Навои атындагы мамлекеттик театр, Алишер Навои проспектиси, Алишер Навои метро станциясы бар. Метро станциясынын залынын дубалдарында Навоинин «Хамсасынын» сценаларынан панно жана Навоинин барельефи коюлган.

·        Өзбекстандын Улуттук китепканасына Алишер Навоинин ысымы ыйгарылган.

·        Өзбекстан Республикасынын илимдер Академиясынын мамлекеттик адабият музейи Алишер Навои атында.

·        СССРде Өзбекстан элдеринин тарых мамлекеттик музейине ысмы ыйгарылган.

·        Самарканд мамлекеттик университети 1960-жылдан 2016-жылга чейин Алишер Навоинин атында болгон, бирок Өзбекстандын президенти И. Каримовдун демилгеси менен бул аталыш жоюлган.

·        Меркурийдеги кратерге Навоинин ысымы берилген.

·        Дүйнөдө Алишер Навоинин бир нече эстеликтери бар: Москва, Минск (скульптор Максим Макаревич), Навои, Ош, Ташкент, Самарканд, Баку, Токио, Вашингтон, Шанхай.

·        Ташкентте Алишер Навоинин үч эстелиги бар: биринчиси – Навои проспектисиндеги Өзбекстандын жаштар театрынын (мурдагы Жаштар театры) имаратынын маңдайында, экинчиси – Өзбекстандын Алишер Навои атындагы улуттук паркындагы композициялык ротонда астында, үчүнчүсү – мурда педагогикалык институт жайгашкан Алишер Навои атындагы Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университетинин алдындагы аянтта.

·        Тажикстандын Дүйшөмбү шаарындагы паркына акын Низомиддин Алишер Навои аты ыйгарылган.

·        Алматы шаарындагы тоолорго баруучу көчөлөрдүн бирине акындын ысымы ыйгарылган. Ошондой эле Киев шаарындагы проспектилердин бири жана Дүйшөмбү, Баку, Ашхабад шаарларындагы көчөлөрү акындын урматына аталган.

·        Ош шаарындагы мурдагы Тельман көчөсүнө, шаардык сейил бакка жана Ош шаарындагы орто мектепке Навоинин ысымы ыйгарылган.

·        1991-жылы акындын 550 жылдыгына карата Алишер Навоинин элеси түшүрүлгөн советтик юбилейлик рубль чыгарылган.

·        2007-жылдын апрель айында Вашингтондо «Алишер Навои жана анын Борбордук Азия элдеринин маданий өнүгүүсүнө тийгизген таасири» аттуу конференция болуп өткөн.

·        Түндүк Афганистандын Мазари-Шариф шаарында Алишер Навоинин урматына барельеф орнотулган.

·        2009-жылдан бери Астрахань облусунда Алишер Навоинин урматына жыл сайын маданий иш-чаралар өткөрүлүп келет.

·        Минск шаарында бюсту тургузулган.

·        2020-жылдын 9-февралында Москвадагы улуттар үйүндө Бүткүл россиялык өзбектердин жана өзбекстандыктардын конгресси (БӨӨК) тарабынан уюштурулган Алишер Навоинин туулган күнүнүн 579 жылдыгына арналган салтанат болуп өткөн.

·        Анын урматына 1991-жылы Өзбекстандын эстелик монетасы жана СССРдин 1 рублдик эстелик монетасы чыгарылган.

Галерея

Орто Азия түрк акыны суфи Алишер Навоинин (1441–1501) туулганына 525 жыл


·        

Алишер Навоинин туулган күнүнүн 500 жылдыгына карата 1942-жылдагы советтик маркалар.

·        

Алишер Навоинин туулган күнүнүн 550 жылдыгына карата Советтик юбилейлик рубль, 1991-жыл.

·        

Навоинин туулган күнүнүн 550 жылдыгына карата анын портрети жана Фархаддын скульптурасы бар оригиналдуу маркасы бар открытка. СССР, 1991-жыл.

·        

Алишер Навои Өзбекстандын эстелик тыйынында

Алишер Навои (тасма)

Библиографиясы

·        Навои А. 10 томдуктан турган чыгармалары. Ташкент: «Фан», 1968–1970-жылдар, 3095 бет.

·        Навои А. Ырлар жана поэмалар, М., 1965.

·        Навои А. Беш поэма. М.: Көркөм адабият, 1972.

·        Навои А. Тандалган лирика. Ташкент: Өзбекстан КП БКсынын басмаканасы, 1978.

·        Навои А. Искендердин дубалы / И. Махсумовдун айтуусу. Ташкент: Адабият жана искусство басмаканасы, 1978.

·        Навои А. Ырлар жана поэмалар / Камил Яшендин кириш сөзү; А. П. Каюмовдун түзүүсү жана эскертүүсү. Леннград: Советтик жазуучу, 1983, 920 бет, тиражы 40 000 экземпляр – (Акындын китепканасы. Чоң серия. Экинчи басылыш).

·        Навои А. Жүрөктөрдүн сүйүктүүсү. Ташкент: Адабият жана искусство басмаканасы, 1983.

·        Навои А. 1-2-китеп — Ташкент: Өзбекстан КП БКсынын басылмасы, 1983.

·        Навои А. Афоризмдер. — Ташкент: Өзбекстан КП БКсынын басылмасы, 1985.

·        Навои А. Афоризмдер. — Ташкент: Өзбекстан КП БКсынын басылмасы, 1988.

·        Навои А. Мен дос тапкан жокмун: Газелдер. — Ташкент: Адабият жана искусство басмаканасы, 1988.

·        Навои А. Искандердин дубалы / Н. Айшов. Өзбек тилинен которулган. — Алма-Ата: Жазушы, 1989.

·        Навои А. Афоризмдер — Aphorisms. — Ташкент: Укитувчи, 1991.

·        Навои А. Көздүн кареги: [Ырлар]. — Ташкент: Гафур Гулям атындагы полиграфиялык бирикмеси басмаканасы, 1991.

·        Навои А. Куш тили / С. Н. Ивановдун котормосу. — 2-басылма. — Жазуучулар уюму басмаканасы: Илим, 2007.