АНГОРА ЭЧКИСИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:52, 6 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНГОРА ЭЧКИСИ – жүн (тыбыт) багытындагы эчки породасы. Түркиянын Ангора (аты ушундан) провинциясында илгертен асыралган.

АНГОРА ЭЧКИСИ 80.png

19-кылымда АКШ, Африка, Австралияга алып келинген. Текесинин салмагы 50-55 кг, эчкиси 32-36 кг. Бир эчкиден жылына 90-100 кг сүт саалат. Ангора эчкисинин жүнү ак, жылтылдак, бир кылка, ичкелиги 44-46-сапатта. Жүнүнүн узундугу 25 см. Ангора эчкисинин жүнүнөн сапаттуу кездеме (драп), тукаба, килем, түрдүү трикотаж, терисинен мех жасалат. Ангора эчкиси кылчык жүндүү эчкини аргындаштырууда пайдаланылат. Ангора эчкиси жана аргындары Орто Азияда, Түндүк Кавказда, Казакстанда багылат. Кыргызстанда жергиликтүү эчки менен аргындаштырылган.