АНГОЛА-КОНГО АЛМАЗ ПРОВИНЦИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:51, 6 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНГОЛА-КОНГО АЛМАЗ ПРОВИНЦИЯСЫ – алмаздын запасы жана казып алынуусу боюнча дүйнөдөгү кенташтуу (рудалуу) ири аймактардын бири. Ангола Республикасынын жана Конго Демократиялык Республикасынын аймагында жайгашкан. Дүйнөдөгү алмаздын 1/4 бөлүгү ушул аймактан казылып алынат. Аянты 140 миң км2 . Суммардык ресурсу (млн карат): алмаз кен чачындысыныкы 150 (Ангола) жана 100 (Конго), алгачкы кендериники 580 (Ангола) жана 250 (Конго). 1907-жылы Касан дарыясыянын өрөөнүндө чачынды табылып, 1913-жылдан ачык казып алынат. Мындагы алмаз бор мезгилинде пайда болгон кимберлит интрузиясы менен байланышкан. Алар негизинен провинциянын түштүк-чыгыш чеги боюнча өз-өзүнчө бөлүнгөн аймактарды пайда кылган. Анголада 7 кимберлит аймагы (аларда 800дөн ашуун түтүк, анын ичинде эң ири Камафука-Камазамбо, Катока түтүктөрү), Конгодо – бирөө (15тей түтүк) бар. Алмазды казып алуу негизинен анын чачынды кендеринен – антропогендик борпоң тоо тектеринен (кум менен шагылдан (зергерлик алмаздын 65–85% алынат), андан башка бор мезгилинин конгломераттарындагы жана кимберлиттердеги байыркы кен чачындыларынан казып алынат. Мында казып алуу адеп башталгандан тартып бардыгы 1 млрд карат, анын ичинде Анголанын чачынды кендеринен 60 млн карат алмаз өндүрүлгөн.