АНГЕЛДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:47, 5 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНГЕЛДЕРВизантия императорлорунун династиясы (1185-1204). Негиз салуучусу Исаак II (1185–95). Ангелдер бийликке Андроник I Комнинди тактан кулаткандан кийин келишкен. Алардын башкаруусу Византия империясындагы ички жана тышкы абал оор болуп турган мезгилге туш келип, мамлекеттин курамындагы провинцияларда сепаратисттик кыймылдар күч алган. Ангелдердин акыркы башкаруучуларынын Константинополь шаарынын калкы жек көргөн кресттүүлөрдү колдоосу династиянын кулашына алып келген. 1204–1318-жылдарда Ангелдер Эпир падышачылыгынын башкаруучу династиясы болуп калган.