АНАТОМИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:43, 5 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНАТОМИЯ (гр. anatome – тилүү, муунга ажыратуу) – организмдердин жана алардын органдары менен системаларынын түзүлүшү, формасы жөнүндөгү илим; клеткадан жогорку структураларды үйнөнүүчү морфологиянын бир бөлүгү. Ал жаныбарлар (зоотомия), киши (антропотомия) жана өсүмдүктөр (фитотомия) Анатомиясы болуп бөлүнөт. Жаныбарлар түзүлүшүндөгү окшоштук жана айырманы жаныбардын салыштырмалуу Анатомиясы изилдейт. Адам органынын түзүлүшүн алардын аткарган кызматын билбей туруп, оорулуу же соо кишинин денесиндеги өзгөрүүлөрдү түшүнүү мүмкүн эмес. Анатомия – байыркы илим. Байыркы Египет окумуштуулары өлгөн адамдын денесин бальзамдап катырган. Байыркы индустардын «Билим» аттуу китебинде адам денесинде 500 булчуң, 90 тарамыш, 900 байламта, 24 нерв, 300 сөөк, 107 муун, 9 орган, 400 кан тамыр бар экендиги айтылган. Орто кылымда Анатомиянын өсүшүнө Авиценна зор салым кошкон. 16-кылымда Леонардо да Винчи,, А. Везалий, Г. Фаллопий, Б. Евстахий ж. б. адамдын органдарынын түзүлүшү жөнүндө биринчи болуп маалымат беришкен. 1628-жылы У. Гарвей организмде кан айлануу, француз окумуштуусу К. Биша ткань жөнүндөгү окуу-гистологияга негиз салган. Россияда Анатомиялык изилдөөлөр жөнүндө биринчи маалымат 17-кылымга таандык. Өлүктү союп көрүү 1-жолу 18-кылымда Москва госпиталында болгон. 18-19-кылымдарда орус окумуштуулары: П. А. Загорский, П. Ф. Лесгафт, М. И. Шени, И. И. Пирогов, Д. И. Зернов ж. б. Анатомиянын өнүгүшүнө чоң салым кошушкан. Киши денесинин түзүлүшүн изилдөө ыңгайлуу болсун үчүн Анатомия кызматы, түзүлүшү жана өнүгүүсү окшош органдар системасы боюнча баяндалат. Буга байланыштуу Анатомия төмөнкүчө бөлүнөт: остеология – сөөк жөнүндөгү; артросиндесмология – муундар жана сөөктөрдү бириктирүүчү байламталар жөнүндөгү; миология – булчундар, сплонхология - ички органдар; ангиология – кан жана лимфа системалары, неврология – борбордук, четки нерв системасы; эндокринология – ички секреция бездери; эстезиология – сезүү органдары жөнүндөгү илим. Организмдин жаш өзгөчөлүгүнө жараша органдардын формасы менен түзүлүшүнүн закон ченемдүү өзгөрүшүн изилдөөчү бөлүгү курактык Анатомия деп аталат. Функциялык Анатомия айрым органдар менен системалардын түзүлүшүн жана формасын кызматына жараша изилдейт. Органдардын жана системалардын микроскоптук түзүлүшү жөнүндөгү илим – гистология. Оорудан формасы өзгөргөн жана бузулган органдар, ткандар жөнүндөгү илим – патологиялык Анатомия. Анын изилдөө ыкмалары да ар түрдүү. Өсүмдүктүн түзүлүшүн өсумдүк анатомиясы үйрөтөт.

Ад.: Лесгафт П. Ф. Избранные труды по анатомии. М., 1968; Богоявленский Н. А. Отечественная анатомия и физиология в далеком прошлом. М., 1970..
Б. Бегалиева.