АНАСТАСЯН Сергей Нерисович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:33, 5 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНАСТАСЯН Сергей Нерисович (1902, Азербайжан, Мардакерск району – 1978-жылы кайтыш болгон) – ветеринария илимдеринин доктору (1954), профессор (1955). Кыргыз ССРнин илимге эмгек сиңирген ишмери. Казань университетин (1931), ошол эле жерде аспирантураны (1935) бүтүргөн. Казань ветеринардык институтунда кызматкер, КАЧИнин эпизоотология жана паразитология кафедра башчысы болуп иштеген. Эпизоотология боюнча адис. 90дон ашык илимий эмгеги жарык көргөн.

Эмг.; Инфекционная плевропневмония коз. Ф., 1954.