АНГИОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:31, 4 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНГИОЛОГИЯ (жаңы лат. angiologia, гр. angeion - кан тамыр жана ...логия) – анатомиянын кан жана лимфа тамырларын изилдөөчү бөлүгү. Гален (б. з. ч. 2-к-да) артериянын ичинде аба эмес, кан болорун, ал эми жүрөк аны айландырарын далилдеген. Ангиологиянын негизи 17-к-да кан айлануунун чоң жана кичине тегереги жана лимфа системасы түшүндүрүлгөндөн кийин калыптанган. 19-к-да англиялык хирург жана анатом А. Купер, орус окумуштуусу Н. И. Пирогов артериянын топографиялык анатомиясын түзүшкөн. Азыркы ангиология кан тамырдын чоюлгучтугун, кан тамыр түтүгүн, анын капталдарын, кандын жана лимфанын жылышын, ошондой эле органдарды кан менен камсыздоо жана андан чыгуу жолдорун изилдейт. Ангиологиялык изилдөөлөр функциялык жана клиникалык багытта жүргүзүлөт. Негизинен изилдөө методдору рентгенология, инъекция, жарык жиберүү ж. б.