АНАНД МУЛК РАДЖ
АНАНД Мулк Радж (12. 12. 1905, Пешавар - 28. 9. 2004) – инди жазуучусу, илимпоз жана коомдук ишмер. Англис тилинде жазган. 1929-жылы Лондон университетин бүтүргөн. Философия илимдеринин доктору, Пенжаб университетинин профессору (1962). 1936-жылы Индия прогрессчил жазуучуларынын ассоциациясын уюштурган. Ал алгачкы «Кол тийбес» (1935), «Кыштак» (1939) деген чыгармаларында карапайым жумушчулардын, кедей-дыйкандардын оор турмушун сүрөттөйт. Ананд Мулк Радж – «Индия раджасынын жеке турмушу» (1953), «Жол» (1961), «Баатырдын өлүмү» (1963) ж. б. прозалык чыгармалардын автору. «Жети жыл» (1951) жана «Тад супасы» (1964), «Сүйгөндүн дилинен чыккан сөз» (1976) аттуу автобиографиялык үчилтигинде колониализмдин калдыктарын айыптаган. Анын «Кулдар» (1936), «Кылыч жана орок» (1942) аттуу романдарында социалдык маселелер козголуп, карапайым калктын жашоо турмушун чагылдырат. М. Р. Ананд – Тынчтыктын эл аралык сыйлыгынын лауреаты (1953).