АВИАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:35, 4 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВИАЦИЯ (фр. aviation, лат. avis - канаттуу куш) – абадан оор аппараттардын (самолёт, вертолёт, планер) аба мейкиндигинде учуусуна байланышкан кеңири түшүнүк. Арналышына жараша авиация жарандык, мамлекеттик жана эксперименттик болуп бөлүнөт. Жарандык авиациянын жүргүнчүлөрдү ташуучу, багаж, жүк, почта ж. б. акы төлөнүүчү жумуштарды аткаруучу коммерциялык жана жалпы арналыштагы деген түрлөрү бар. Көп мамлекеттерде жалпы арналыштагы авиацияга административдик, жекече, спорттук, айыл чарба самолёттору жана вертолёттору кирет. Мамлекеттик авиация – аскер, милиция, бажы ж. б. мамлекеттик кызматтарды тейлейт. Аскер авиациясы мамлекеттин куралдуу күчүнүн курамдык бөлүгү. Эксперименттик авиация илим-изилдөө иштерин, авиациялык жана техникалык башка сыноолорду жүргүзүүдө колдонулат.
Авиациянын өнүгүшүнүн алгачкы мезгили. Италиялык окумуштуу Леонардо да Винчи канаттуунун учушун байкап, абадан оор аппараттардын учуу теориясын негиздөөгө аракеттенген. Алгачкы самолёт аэроплан деп аталып, 1799-жылы Дж. Кейли тараптан сунушталган. Анын тулкусу жыгачтан жасалып, брезент менен жабылган. 1853-жылы ал планёрду жасаган. «Сессна» жеңил монопланы (бир канаттуу самолёт) 3 кишиге чейинки жүк көтөрүүгө жөндөмдүү болгон. Абада кармалып туруучу жана каалаган багытта уча алуучу «Робинсон R 22» вертолёту жасалган. Америкалык механиктер, ага-ини У. жана О. Райттар 1-болуп «Флайер-1» самолётуна ичинен күймө кыймылдаткычты коюп 36 мге учушкан (17.12.1903). Ал самолёт акыркы учушунда 59 сда 260 м аралыкты учуп өткөн. Кийинки жылдарда Авиация Европа өлкөлөрүндө тез өнүккөн, анткени самолёт куруунун пионерлери А. Сантос Дю мон, Г. Вуазен, Л. Блерио, Р. Эно Пельтри, А Фарман, Э. Ньюпор (Франция), А. Ро, Дж. Де Хэвилленд, Ф. Хэндли Пейдж (Улуу Британия), А. Фоккер (Нидерланд), Г. Юкер (Германия), Дж. Капрони (Италия) ж. б. болушкан. Вертолёт куруу иши самолёттукунан кыйла артта калган. Францияда 1907-жылы анча бийик эмес учкан алгачкы вертолёттор (алардын бирин Ш. Рише жана ага-инилер Л. жана Ж. Бреге, экинчисин П. Корню) жасалган. Россияда А Ф. Можайский 1883-жылы дүйнөдө 1-самолётту курган. 1894-жылы англиялык конструктор X. С. Максим, 1897-жылы Францияда К. Адер учуучу аппаратты жасашкан. Бирок бул самолеттордо буу кыймылдаткычтары колдонулгандыктан, учуу ийгиликсиз болгон. Ичинен күймө кыймылдаткычтын пайда болушу жеңил жана кубаттуу Авиациялык кыймылдаткычтарды түзүүгө мүмкүндүк берген.
Буралгы моторлуу авиация..20-кылымдын башында Авиациянын өөрчүшүнө болгон талап жаңы илимдин – аэродинамиканын пайда болушуна алып келди. Ал илимдин негизин Н. Е. Жуковский,

ИЛ-2 чабуулдоочу самолёт (СССР).
Боинг В-29 бомбалоочу самолёту (АКШ).
Су-47 «Беркут» истребители (Россия).
МиГ-29 истребители (СССР).
Локхид F-117 истребитель самолёт-невидимка (АКШ).
Ан-12 жүргүнчүлөр самолёту (СССР).
ТУ-204 жүргүнчүлөр самолёту (Россия).
Ту-144 жүргүнчүлөр самолёту (СССР).
Ми-26 вертолёту (СССР).

С.А. Чаплыгин (Россия), Л Приндтли жана Т. Карман (Германия) ж. б-дын эмгектери түзгөн. 1909-14-жылдарда Россияда Я. М. Гаккель, Д. П. Григорович, И. И. Сикорский ж. б-дын конструкциясы менен самолёттор жасалган. 1902-жылы Н. Е. Жуковскийдин демилгеси менен Москва университетинде Россияда 1-аэродинамикалык түтүк курулган. 1920-жылы Россияда А. Н. Туполевдин жана Н. Н. Поликарповдун И-1, И-2 деген алгачкы самолёттору уча баштаган. 1930-жылы ылдамдыгы 450-525 км/ска. жеткен самолёттор курулган. Ал эми 2-дүйнөлүк согуш алдындагы ЛаГГ-3, МиГ-3, Як-1 истребителдеринин, Пе-2, Пе-8, Ил-4 бомбалоочу жана Ил-2 чабуулдоочу (штурмалоочу) самолёттордун ылдамдыгы 600-650 км/с болсо, согуштун аягында кээ бир бышкектүү кыймылдаткычы бар самолёттордун ылдамдыгы 690-720 км/ска жеткен.
Реактивдүү авиация заманы. 1940-жылдардын ортосунан реактивдүү авиация калыптана баштаган, газ-баралуу (газтурбиналуу) кыймылдаткыч авиациялык мотордун негизги түрү болгон. 2-дүйнөлүк согуштун аягында алгачкы реактивдүү истребителдер – Ме163В (Германия), «Метеор» (Англия) пайда болгон. 1940-жылы учкуч В. П. Федоров 1-жолу реактивдүү самолётто, С. П. Королевдун (Россия) СК-9 ракетопланында учкан, 1947-48-жылдарда Ла-15 жана МиГ-15 самолётторунун ылдамдыгы 1050 км/с., 1950-жылдардын башында бир орундуу МиГ-19 (СССР, 1954) самолётунун ылдамдыгы 2000 км/скажеткен. Тик көтөрүлүп, тик конуучу, учуу убагында канатынын формасын өзгөртүүчү самолёттор пайда болгон. Жарандык авиация 1960-жылдардан баштап тез өрчүгөн. 1957-59 жылдарда Ту-104, Ил-18, Ту-114, Ан10, Ан-24 самолёттору, ылдамдыгы 3000 км/с болгон МиГ-25 (СССР, 1964) самолёту жасалган. 1965-жылы 60 т жүккө эсептелген дүйнөдөгү эң зор 4 турбиналуу кыймылдаткычтуу, кенен фюзеляждуу (диаметри 6 м) Ан-22 «Антей» (О. К.
Антипов) самолёту жасалган. Ал 1967-жылы 26-октябрда 100 т дан ашык жүк менен 7800 м бийиктикке көтөрүлүп, дүйнөлүк рекорд койгон. 1968-жылы үч реактивдүү кыймылдаткычтуу Ту-154 самолёту сыноодон өткөн. Ал 7500 кмди 9 с 30 минутада учуп өтөт. Ылдамдыгы 850 км/с. Граждандык авиацияга дүйнөдөгү тунгуч, үндөн тез ылдамдыкта учуучу (учуу бийиктиги 20000 м, ылдамдыгы 2500 км/с) 121 орундуу Ту-144 жүргүнчүлөр самолёту жана Ил-62 самолёту кошулган. 1971-жылы дүйнөдө эң чоң вертолёт В-12 жана жаңы самолёт Ил-76 сыноодон өткөн. Чет өлкөлүк жарандык авиацияда негизги орунду Американын «Боинг», «Дуглас», «Локхид», Франциянын «Каравелла», Англиянын «БАК», «Трайдент» реактивдүү жана турбореактивдүү самолеттору ээлейт. XXI кылымдын башталышында авиация транспорт, чарбачылык жана аскер боюнча кеңири чөйрөдөгү маселелерди чечүүгө жөндөмдүү. Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун катышуучулары – мамлекеттердин авиа транспорт компаниясы жыл сайын 1,6 млрддан ашуун жүргүнчү ташыйт, дүйнөлүк авиация паркы 23500дөн ашуун магистралдык жана аймактык самолётторду камтыйт. Кыргызстан аба мейкиндигинде 1919-жылы биринчи самолёт учса, азыр Ил-18, Ту-154, Ил-76, А-310, «Боинг» самолёттору Москва, Стамбул, Лондон, Берлин, Ташкент, Ош ж. б. шаарларга учуп турат. 1968-жылдан баштап жергиликтүү аба жолдорунда Ан-24, Як-40 самолёттору, атайын максаттагы авиациядан Ан-2 самолеттору жана Ми-8 вертолеттору колдонулууда.