АТКАРУУЧУ МЕХАНИЗМ
Jump to navigation
Jump to search
‒ автоматтык жөндөө ж-а башкаруу системасынын түзүлмөсү; мында башкаруу объектисинин жөндөөчү органын мех. которууну (же бурууну) түздөн-түз ишке ашырат. Керектелүүчү энергиянын теги б-ча гидравликалык, пневматикалык, электрдик ж. б. болуп бөлүнөт. Ал кыймылдаткыч тан, кыймыл өткөргүчтөн, кабар берүүчү, текшерүүчү ж-а ажыратуучу элементтерден турат. Электрдик кубаттуулугу 10‒1000 Втка жетет. Пневматикалык Ат. м. 6 кг/см2 , гидравликалы гы ‒ 30 кг/см2 ка чейинки басым м-н иштейт.