АБСЦЕСС

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:05, 30 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБСЦЕСС (лат. abscessus - ириң) – ткандагы же органдагы сезгенүүдөн пайда болгон ириңдөө. Ириңдетүүчү микроорганизмдер (стафилакокк, стрептококк ж. б.) жараланган тери, чел аркылуу организмге кирип же айрым органдарга (мээ, боор, өпкө ж. б.) лимфа, кан тамырлар аркылуу таралат. Канга кирген микроб аны сезгентип, ириңдетет, ткандар бузулуп, ириң көңдөйү пайда болот. Абсцесс өзү эле же башка бир оорунун кабылдоосунан пайда болушу мүмкүн. Теридеги же былжыр челдеги абсцессте ал жер кызарып шишийт, ысыйт, лукулдап ооруйт, дененин температурасы да көтөрүлөт. Ал эми терең жайгашкан абсцессте ошол органдын иши бузулат, дене ысыйт, ооруйт. Организмдин коргонуу реакциясынын натыйжасында ириңдеген жердин айланасында жараланбаган ткандан чектөөчү жука чел кабык пайда болот. Күчөгөн абсцессте ириң көңдөйүнө ириң тез толуп, чел жарылып, ириң териге, ички орган көңдөйүнө (ичеги, карын, бронхтор ж. б.) тээп чыгуу менен андагы жабыркоо басаңдайт да, ириңдеген жер айыгышы мүмкүн. Бирок бардык учурда эле ириңдеген жер айыгып кетпейт, анткени ириң жарылганда айланасындагы ткандарга тарап, ириңдүү сезгенүүнүн жайылышына, флегмонага, ал гана эмес сепсиске (кандын сезгенишине) алып келиши мүмкүн. Ириңдин жабык көңдөйгө (көкүрөк же курсак) бөлүнүп чыгышы өмүргө коркунучтуу өтө оор кабылдоону — перитонит жана ириңдүү плевритти пайда кылышы мүмкүн. Ошондуктан абсцесс кайсы жерде болбосун (териде же органда) хирургиялык жол менен дарыланат. Жеке гигиена эрежелерин туура сактоо менен абсцессти алдын алууга болот.