АБИДЖАН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:12, 30 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБИДЖАН (Abidjan) – Кот-д Ивуар мамлекетинин башкы шаары жана порту (жылына 15 млн т жүк ташылат). Лагюн облусунун административдик борбору. Атлантика океанындагы Эбрие көл чөгүндүлөрүнүн жээгинде, Абиджан жарым аралында жайгашкан. Калкы 4,7 млн (2014, шаар айланасы менен). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Тамак-аш (консерва, кофе заводдору), нефть ажыратуу, металл иштетүү, жеңил (кездеме токуу, трикотаж, бут кийим) өнөр жайы, кеме верфи, Дакар университетинин филиалы, асем өнөр улуттук жогорку мектеби, этнографиялык музейи, улуттук китепкана иштейт. 1880–90-жылдарда француздар негиздеген. 1934-жылдан Франциянын ээлиги – Пил Сөөктүү Жээктин, 1960–83-жылдары Пил Сөөктүү Жээк Республикасынын борбору болгон. Жылуулук электр станциясы иштейт. Шаарга жакын Банко улуттук паркы жайгашкан.