АБДРАХМАНОВ Сарбагыш

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:49, 29 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБДРАХМАНОВ Сарбагыш (1943-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Темир айылы 2017-ж.) – физика-математика илимдеринин доктору (1994), профессор (1995). Физика жана катуу нерселер механикасы тармагы боюнча адис, КРнын билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкери (1999). КМУнун механика-математика факультетин (1964), КРдин УИАнын ФМИнин аспирантурасын (1970) бүтүргөн. КРдин ИАнын ФМИде улук инженер, илимий кызматкер, ФПИде улук окутуучу, декандын орун басары, доцент, кафедра башчысы, декан, 1999-жылдан И. Раззаков атындагы КТУнун проректору. 10Одөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 5 монографиясы жарык көргөн.