АБА ЫРАЙЫ БОЮНЧА БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК МААЛЫМАТ КЫЗМАТЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:59, 29 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБА ЫРАЙЫ БОЮНЧА БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК МААЛЫМАТ КЫЗМАТЫ – тез байланыштыруучу каналдар менен туташтырылган дүйнөлүк жана аймактык (улуттук) метеорологиялык борбордон туруучу система. Анын максаты – улуттук метеорологиялык кызматтын ишин жеңилдетүү жана жакшыртуу үчүн бүт жер шарындагы аба ырайы жөнүндө маалыматтарды топтоо жана аларды аныктоону борборлоштуруу. Борбордо материалдарды топтоо жана аныктоо жумуштары автоматташтырылган түрдө жүргүзүлүп, жергиликтүү метеорологиялык кызматтар үчүн даяр карталарды, күндөлүк жана боло турган аба ырайы, океандын абалы жөнүндөгү маалыматтарды таратып турат.