«АЗИЯИНФО»

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:55, 28 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

"АЗИЯИНФО" (англ. ASIAINFO) – Cisco Systems, АРС, ИНФОТЕЛ (Россия) компанияларынын официалдуу партнеру. Маалыматтан пайдала­нуу кызматын 1994‑жылдан баштаган. Маалы­маттарды жөнөтүү боюнча кызмат көрсөтүүнүн спутник байланышынын Жердеги станцияларын эк­сплуатациялоо, телематикалык кызматтан пай­далануу боюнча уруксаты жана лицензиясы бар. Компаниянын жамааты жогорку технологиялык сис­темаларды колдонууга жөндөмдүү, эл аралык стандартка туура келген жогорку технологиялык кызматтан пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыра алган кесип ээлери катары таанылды. Мекеменин башкы адистери Simens (EWSP тар­мактар системасы), N.E.T. (IDNX тармактар системасы), SUN Microsystems Ins компанияларынын квалификациялык сертификаттарьна ээ болушкан. «А.» тармагы Ошто, Жалал‑Абад­да, Кара‑Балтада, Караколдо жайылтылып иш­теп жатат. Компания сырткы дүйнө менен байла­нышка чыгууну спутник байланыш базасынын негизинде спутник каналы аркылуу жүргүзөт. «Азияинфонун» маалыматтарды жөнөтүү тармагын тейлөөдө колдонулуучу техникалык каражаттары тие­шелүү маселелерди аткарууда талапка жооп берет жана сертификаттары бар. «Бишкек‑98, 99, 2000» эл аралык көргөзмө‑жарманкелеринде Кыргызстандагы мекемелерди, дүйнөдөгү инсандар менен маалымат алмашууну ийгиликтүү тейлеген­диги, «Интернет карта» долбоорун ишке ашыр­гандыгы, Кыргызстандагы республикалык интернет тармагын өнүктүргөндүгү үчүн медалдар менен сыйланган. Азыркы учурда «А.» кардарлары интернет кызматын, үйдөн колдонуучулар үчүн жогорку ыл­дамдыктагы VDSL технологиясын колдонууну жайылткан жогорку ылдамдыктагы каналдар боюнча «Ноте. Net» мекемеси аркылуу «А.» тар­магына кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.
У. Н. Бримкулов.