АБЕЛЬ Нильс Генрих

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:54, 28 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) (Dilde moved page АБЕЛЬ to АБЕЛЬ Нильс Генрих) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБЕЛЬ Нильс Хенрик (5.8.1802, Финней, Ставангердин жанында – 6.4.1829, Фреланд, Арендалдын жанында) – норвегиялык математик. Христиания (Осло) университетин бүтүргөн (1825). Өз эмгектерин алгебрага, функционалдык анализге жана математикалык анализге арнаган. Төртүнчү даражадан жогору тендеменин радикалдагы чыгарылышы жок экендигин далилдеген. Жалпы гиперэллиптикалык (абелдик) интегралдар теориясынын өнүгүшүнө зор салым кошкон. 1826-29-жылдары К. Г. Якобиге байланышпастан туруп эллиптика жана гиперэллиптика функциялар теориясын түзгөн. Абель даражалуу катардьн жыйналуучулук теориясын андан ары өнүктүргөн, жалпы биномдук катардын жыйналуучулугун толук изилдеп бүткөн (1826). Абелге 1830-жылы Париж ИА жана немис математиги К. Г. Якобиге эллипсистик функциялар теориясын өнүктүргөндүгү үчүн атайын сыйлык ыйгарган. 2002-жылы Норвегия өкмөтү жана Норвегия ИА математика илими жаатында Абель сыйлыгын уюштурушкан.

А. Чекеев, С. Токсонбаев.