АНАЛИЗДИК ХИМИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:21, 21 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНАЛИЗДИК ХИМИЯ – заттардын химиялык курамын жана түзүлүшүн аныктоочу ыкмалардын теориялык негиздерин, практикалык ыкмаларын изилдөөчү илим. Ал 19-к-дын башында калыптанган. Анализдик химия анализдин максатына жараша сапаттык жана сандык болуп бөлүнөт. Сапаттык анализде изилденүүчү заттын курамында кандай элементтер, иондор, молекулалар, изотоптор же фазалык компоненттер бар экендеги аныкталат. Сандык анализде булардын сандык катыштары табылат. Химиялык анализ элементтик, молекулалык жана фазалык болуп үчкө бөлүнөт. Органикалык эмес заттарды изилдөө үчүн негизинен элементтик анализ жетиштүү, ал эми органикалык заттардын химиялык жаратылышын мүнөздөө үчүн элементтик анализ менен катар молекулалык анализ жүргүзүлөт. Анализдик химиянын методдору химиялык, физикалык-химиялык жана физикалык болуп үч топко бөлүнөт. Химиялык методдор аныкталуучу зат менен тиешелүү реактивдин ортосунда жүрүүчү реакцияга негизделет. Ал салмактык (гравиметрия), көлөмдүк анализ (титриметрия) жана газ анализи болуп айырмаланат. Салмактык анализде аныкталуучу зат эритмеден эркин же химиялык бирикме түрүндө бөлүп алынып, анын массасы аркылуу сандык катышы табылат. Көлөмдүк анализде аныкталуучу заттын эритмесине тиешелүү реактивдин (титрант) белгилүү концентрациядагы эритмесин өз ара толук реакциялашканга чейин тамчылатып кошот. Мындай процесс титрлөө деп аталат. Титрлөө бүткөндө, индикатордун түсү өзгөрөт (эквиваленттик чекит). Эң аз өлчөмдөгү заттарды жана химиялык касиеттери боюнча өз ара жакын элементтерди анализдөө үчүн физикалык-химиялык жана физикалык методдор колдонулат. Буларга рефрактометрлик, поляриметрлик, спектрдик, рентген-спектрдик, радиохимиялык ж. б. ыкмалар кирет. Өнөр жайдагы технологиялык процесстерди көзөмөлдөөдө жана айлана-чөйрөнү булгоочу заттарды аныктоодо Анализдик химия ыкмаларынын мааниси өтө чоң.

Ад.: Пиккеринг У.Ф. Современная аналитическая химия, пер. с анг. М., 1977; Пилипенко А. Т., Пятницкий М. В. Аналитическая химия. Кн. 1,2. М., 1990. Аналитическая химия; В 2 т. М., 2003-2004. Асанов Ү., Молдобаев С., Анализдик химия.. Б., 2003.
С. Молдобаев.