АНАКСАГОР
АНАКСАГАР — Кичи Азиядагы Клазоменден (б. з. ч. 500-428) – байыркы грек философу жана окумуштуу. Ал 30 жылдай Афиныда жашаган жана жергиликтүү философиялык мектепти негиздеген. Анын көз карашы милет мектебинин (Анаксимендин) жана Парменидцин болмуш окуусунун таасири астында калыптанган. Анаксагор окуусун космогониялык гипотеза түрүндө белгилеген: дүйнөнүн алгачкы абалы кыймылсыз, формасыз аралашма түрүндө болот жана алар эсепсиз көп майда, сезимтал бөлүктөрдөн, буюмдардан турат деп эсептеген. Убакыттын кандайдыр бир учурунда жана мейкиндиктин бир бөлүгүндө бул аралашма бат айлануучу кыймылга келет. Ага кандайдыр бир ички мамиледе – акыл (нус) аркылуу билдирилет. Акыл-эстин концепциясы философиялык ой жүгүртүүнүн андан аркы өнүгүүсүнө маанилүү таасир көрсөткөн. Ал Күндүн жана Айдын тутулуусуна туура түшүндүрмө берген биринчи окумуштуу.
Ш. К. Алиева.