АТ-БАШЫ ӨРӨӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
‒ Ички Теӊир-Тоонун түштүгүндөгү тоо аралык ири өрөөн. Түндүгүнөн Нарын, Ала-Мышык, Кара-Тоо, Байбиче, түштүгүнөн Ат-Башы, Жаӊы-Жер кырка тоолору м-н
Ат-Башы өрөөнүнүн борбордук бөлүгү.

чектешет. Түн.-чыгыштан түш.-батышка карай 160 кмге созулат. Туурасы 15‒27 км. Өрөөн деӊиз деӊг. 2000‒3200 м бийиктикте. Өрөөндүн таманы ортосун көздөй акырындап жапыздайт. Бул багытта чыгыштан Ат-Башы суусу, түш.-батыштан анын ири куймасы ‒ Кара-Коюн суусу агат. Өрөөн тектирлүү; Кара-Коюндун жогорку бөлүгүндө түп тектирлери 14кө чейин жетет. Ат-Башы м-н Кара-Коюн суулары кошулган жер

АТ-БАШЫ ӨРӨӨНҮ27.png

ден 10 км төмөнүрөөк чуӊкур жерлер көп кездешет. Өрөөндүн ортонку бөлүгүндө жуулуудан пайда болгон «жетимтоолор» (Чеч-Дөбө, Тоголок-Дөбө) бар. Ала-Мышык, Кара-Тоонун түш. этектерине (Быткылда) чап рельефи мүнөздүү. Ат-Башы кырка тоосунун этегинде шиленди тектерден турган түздүктөр жатат. Бул жерде төртүнчүлүк мезгилдин чөкмөлөрүнүн калыӊдыгы 10‒20 мден ашпайт. Рельефи каледон бүктөлүүсүнөн түзүлө баштап, герцин орогенези мезгилинде өнүккөн; бирок ургаалдуу өнүгүшү альп орогенези мезгилине таандык, анда азыркы рельефинин турпаты түзүлгөн. А. ө. ири геосинк линалды элестетет. өрөөндө палеоген ж-а неоген мезгилдеринде пайда болгон кыргыздын кызыл түстүү комплекси м-н антропогендин мөӊгү, суу чөкмөлөрү бар. Климаты континент тик ж-а кургак. Кышы суук, январдын орт. темп-расы ‒18,7°С, июлдуку 16,3°С. Жылдык жаан-чачыны чыгышында 300‒400 мм, батышында 200‒260 мм. Өрөөндү курчаган тоолордо жалпы аянты 112,1 км2 келген 255 мөӊгү бар. Суулары: Ат-Башы (ири куймалары ‒ Ача-Кайыӊды, Баш-Кайыӊды, Богошту, Үйүрмө, Кайнар, Балык-Суу, Жаӊы-Жер, Улан, Узун-Булак, Каманды, Башача, Боронду), Кара-Коюн (куймалары‒Чет-Келтебек, Орто-Келтебек, Баш-Келтебек, Шырыкты, Кара-Суу). Тоо беттери коӊур-күрөӊ, токой арасы кара ж-а ачык күрөӊ топурактуу. Ат-Башы суусун бойлото тал, байтерек, чычырканак ж. б. бадалдар, тектирлерде бетеге, шыбак (2000‒2300 м), адырларда чекенде өсүмдүктөрү (2100‒2500 м) өсөт. Ат-Башы кырка тоосунун этегиндеги түрдүү чөптүү шалбаалу у талаа, бийиктеген сайын карагай токою (четин, карагат, шилби, сары жыгач аралаш), субальп, альп шалбаа (3500‒4300 м) алкактарына өтөт. Өрөөндүн түн. тарабына (Нарын кырка тоосунун түш. капталы; 3400‒3500 м) жарым чөл ж-а талаа ландшафттары мүнөздүү. А. ө. ‒ мал чарба чылыгы үчүн жайлуу жер. Сугат ж-а кайрак жерлеринде буудай, арпа, тоют өсүмдүктөрү айдалат. Өрөөн аркылуу Бишкек ‒ Торугарт автомобиль жолу өтөт. М. Дүйшөнакунов.