АТ-БАШЫ КЫРКА ТООСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:03, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
Ички Теӊир-Тоонун түш. бөлүгүндө. Түн.-чыгыштан (Кынды ашуусунан) түш.-батышка (Түз ашууга чейин) 140 кмге созулуп жатат. Туурасы 30 кмге чейин. Орт. бийикт. 4280 м, эӊ бийик жери 4786 м (Жел-Тегирмен чокусу). Кырка тоо түн.-чыгыштан түш.-батышка карай улам бийиктеп, Терек-Суу тушта кайрадан жапыздайт. Капталдарында суу өрөөндөрү, суу жеп кеткен кокту-колоттор, жыбыт-жылгалар көп. Кыр тилкелеринде чакан
Ат-Башы кырка тоосунун ортонку бөлүгү.

мөӊгүлөр кездешет. Бул тилкеде мөӊгүнүн аракетинен пайда болгон рельефтин формалары ‒ тепши сымал өрөөндөр, төрлөр бар. Шоӊшойгон шиш чокулары, тоотектеринин сыныктары нын эшилмелери кеӊири таралган. Кырка тоонун негизин кембрийге чейинки ж-а кембрий, силур, девон, таш көмүр, пермь мезгилдеринде пайда болгон тоотектер (гнейс, сланец, конгломерат, кумдук, акиташтеги, мрамор, туф, порфирит) түзөт. Тоо аралык ойдуӊдар м-н суу өрөөндөрүндө төртүнчүлүк мезгилде пайда болгон аллювий ж-а морена тектери топтолгон. Интрузия тоотектеринен габбро-диабаз, диорит, гранит-диорит, гранит ж-а сиениттер бар. Ат-Башы антиклинорийи ‒ кырка тоонун тектон. негизги структурасы. Кен байлыктары: сымап (Таш-Рабат, Шырыкты, Ак-Бейит), коргошун, никель, мрамор, курулуш материалдары ж. б. Неотектоникасы б-ча горст-мегантиклиналь. Байыркы муз каптоонун издери Ача-Кайыӊды, Чет-Келтебек, Богошту, Баш-Кайыӊды, Таш-Рабат, Шырыкты сууларынын төрлөрүндө кезде шет. А.-Б. к. т-нда жалпы аянты 106,2 км2 келген 149 мөӊгү бар. Анын 52,8 км2 түн. капталын да. Ирилери: Кош-Кара-Таш, Мустабас, Ача-Кайыӊды, Туюк-Богошту. Ат-Башы өрөөнүнөн Ак-Сай жайлоосуна мал ашуучу ашуулар бар: Жол-Богошту (3907 м бийиктикте), үйүрмө (3801 м), Таш-Рабат (3968 м), Жеӊи-Ичке (4063 м). Түш. капталы негизинен субальп, альп, талаа (3600‒3900 м), бийик субнивалдык, нивалдык (3900‒4300 м), түн. бети тоолуу талаа (2400‒2700 м), тоолуу шалбаа (2700‒2900 м), токой (карагай ж. б., 2900‒3400 м), субальп, альп шалбаасы (3400‒3800 м), субниваль ж-а ниваль (3800‒4300м) ландшафттуу; батыш тарабы каксоо келип, тоолуу талаа, субальп, альп ландшафт алкактары мүнөздүү. М. Дүйшөнакунов.