АТБАШ
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
‒ тарыхый шаардын аты. А. шаары ж-дөгү алгачкы жазма даректер араб авторлорунун чыгармаларынан кезигет. Ибн-Хордадбех тин «Китаб ал-масалик ва-л-мамалик» («Жолдор жана мамлекеттер жөнүндө китеп», 9-к.), Кудама Ибн Жафардын «Китаб ал-харадж» («Салык жөнүндө китеп», 10-к.) деген эмгектеринде А. шаар экендигин, анын геогр. ордун, жеринин түзүлүшүн жазышкан, шаардын Тибет, Фергана ж-а Барскандын ортосунда жайгашканды гын белгилешкен. Бул маалыматтарга караганда А. 9-к-га чейин эле кыштак же шаар болгон. Өзүнүн ыӊгайлуу геогр. орду ж-а табигый шарты б-ча А. 9‒12-к-да ж-а андан кийин да бүткүл Ички Теӊир-Тоо үчүн маанилүү борбор болуп келген. Айрым түрк кагандары, могол эмирлери карамагындагы элди ушул жерден башкарган. Чыгыш Түркстан, Фергана, Барскан ж. б. ортосундагы соода катнашы да А. аркылуу жүргөн. А. көп тарыхый окуяларга, нечен кандуу салгылашууларга күбө болгон. 14-к-дын 70-ж-нда Тимурдун жортуулдарына кабылган. 13-к-дан А. көп эске алынбайт. 1331-ж. түзүлгөн картада «Атебаши» белгилүү шаарлардын катарына кирген. Бирок андан кийинки эмгектерде А-тын шаар экени ачык айтылбайт. Изилдөөчүлөр Кара-Коюн өзөнүнүн сол кашатындагы Кошой-Коргон чебинин калдыгы А. ш-нын орду деп эсептешет. Бул ойду адеп ошол жерди 1894-ж. биринчи изилдеген В. В. Бартольд (1893, 1897) айткан. Н. Ф. Петровский ага кошулбай, шаар Алабуга суусунун жээгинде турган дейт. Азыркы археол. изилдөөлөр б-ча Кошой-Коргондун ордунда 9‒14-к-да шаар болгон. Бул чепке жакын, Ат-Башы м-н Кара-Коюн сууларынын аралыгында бийик чоӊ дөбө (Чеш-Төбө) бар. Андан табылган түрдүү эски буюмдар Чеш-Төбө м-н А. убагында бир шаар комплексин түзсө керек деп божомолдоого негиз берет. Шаардын атын о. кылымдагы авторлор дайыма Атбаш түрүндө жазышса, моголстан дык тарыхчы Мухаммед Хайдар Ат-Башы деп номендин азыркы формасын берген. Хайдар Ат-Башыда көп ирет болгон.
С. Өмүрзаков.