Тармактык Энциклопедия:ЭМИССИЯЛЫК ЖЫЛДЫЗДАР
Jump to navigation
Jump to search
– стандарттуу эмес, өзгөчө спектрге ээ жылдыздар: булардын спектрлерине кара сызыктар гана эмес нурлануунун жарык сызыктары, үзгүлтүксүз спектрге караганда андан жарык сызыктар мүнөздүү. Мындай сызыктар эмиссиялык сызыктар деп аталат. Спектрде жылдыздардын эмиссиялык сызыктары болсо, анда спектрдик классынан кийин «е» тамгасы м-н белгиленет. Мис., Ве, Ае, Ме жылдыздары. Спектрде 0 жылдызынын өздүк белгилүү эмиссиялык сызыгы болсо, анда 0 деп белгиленет. Вольф ж-а Райе ачкан экзотикалык жылдыздардын спектрлери үзгүлтүксүз начар спектрдин фонунда кеңири эмиссиялык тилкеден турат.