Тармактык Энциклопедия:ЭЛЕКТРОН-ОПТИКАЛЫК ӨЗГӨРТКҮЧ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:30, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– объектинин көзгө көрүнбөгөн (инфракызыл, ультракызгылт-көк же рентген нуру) сүрөттөлүшүн көзгө көрүнгөн сүрөттөлүшкө өзгөртүүчү же көрүнгөн сүрөттөлүштүн дааналыгын күчөтүүчү вакуумдуу фотоэлектрондук прибор. Мында оптикалык же рентген сүрөттөлүш фотокатоддун жардамы м-н электрондук сүрөттөлүшкө, ал эми электрондук сүрөттөлүш катод-люминесценциялуу экранда көзгө көрүнгөн сүрөттөлүшкө өзгөртүлөт. Караңгыда байкоо үчүн (объектинин инфракызыл нур м-н жарыктандырууда) оптикалык ж-а микроскопиялык изилдөөлөрдө пайдаланылат.