Тармактык Энциклопедия:ЭКВАТОРДУК КҮН СААТЫ
Jump to navigation
Jump to search
– күн сааты жөнөкөй түзүлүштүү түрү. Анын көрсөткүчү Жердин айлануу огуна параллель жайгашат ж-а дүйнөнүн уюлуна багытталган, ал эми циферблаты бул багытка перпендикуляр болот. Көрсөткүчтөн түшкөн көлөкө циферблатта айлананы сызат. Циферблаттагы цифралар кадимки сааттагыдай эле бирдей аралыкта жайгашат, айырмасы – айлана 12 эмес 24 саатка бөлүнөт.