Тармактык Энциклопедия:ШТАРК ЭФФЕКТИСИ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– спектр сызыктарынын электр талаасында бөлүнүшү. Электр талаасынын таасиринен системаны түзгөн заряддалган бөлүкчөлөрдүн кыймылы өзгөрүп, система кошумча энергияга ээ болот, анын энергия деңгээлдери жылышат ж-а ажырайт, натыйжада спектрдик сызыктар бөлүнөт. 1913-ж. И. Штарк ачкан.