Тармактык Энциклопедия:ШЕМАХА АСТРОФИЗИКАЛЫК ОБСЕРВАТОРИЯСЫ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– 1960-ж. Азербайжан ИАнын астрофиз. секторунун базасында түзүлгөн ил.-из. мекемеси, Обсерватория Шемаха шаарынын түш.-батышына карай 22 км аралыкта, деңиз деңгээлинен 1435 м бийиктикке жайгашкан. Обсерватория Күн физ-сы, жылдыздар физ-сы, күн системасынын телолорунун динамикасы б-ча үч багытта илимий иштерди жүргүзөт. Негизги жабдуулары: 2 метрлүү телескоп-рефлектор, 700 смлүү фотоэлектрдүү телескоп, 35 смлик менискалуу телескоп, горизонталдык күн телескобу, хромосфералуу фотосфера телескобу. Кичине планеталардын – астероиддердин структурасы ж-а эволюциясы б-ча иштер зор мааниге ээ.