Тармактык Энциклопедия:ШАР СЫМАЛ ЧАГЫЛГАН
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– түрдүү түстөгү ж-а чоңдуктагы өзүнөн жаркырак жарык чыгаруучу электр разряды; чагылгандын сейрек учуроочу түрү. Жер бетинде демейде бул Ш. с. ч-дын диаметри 10 смге жакын, кээде алмурут формасын алат. Кээ бир учурда мындай шар сызыктуу чагылган разрядынан кийин пайда болот. Ш. с. ч-дын кыймылы жай, андан үн чыкпайт же тырсылдаган, ышкырган, ызылдаган, шуулдаган үн чыгат. Ал кээде имараттын ичине кирип кетет же кайра чыгат. Өтө жарк этип, тарсылдап жарылат. Кубулуш жарым мүнөткө жакын созулат. Шардын табияты толук изилдене элек. Ички энергиясы анча кубатуу эмес – 2 кВт. Урулуп жарылгандагы темп-расы 3000 Кге жетет. Металл буюмдар, айнек ж.б. эрип кетет. Ток күчү 20 Аге жетет, өмүргө өтө коркунучтуу. Жегиштүү изилденбегендиктен, ар кандай жоромолдор айтылуууда.