Тармактык Энциклопедия:ЧОҢ ЖЕТИГЕН
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(Ursa Major) – Түн. жарым шардагы чоңдугу б-ча 3-топ жылдыз; байыркы гректер белгилешкен 48 топ жылдыздын бири. Аталышы мифологиядан: Зевске ашык болуп калган Каллисто аюуга айландырылган. Кыйла көрүнүктүү өзгөчөлүгү – чоң чөмүч сыяктанган фигураны түзүп турган 7 жылдыздан турган астеризмде. КМШнын аймагынан жыл бою көрүнүп турат.