Тармактык Энциклопедия:ЧОҢ ДӨБӨТ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
( Canis Major) – байыркы гректер белгилешкен 48 топ жылдыздын түш. жарым шардагы топ жылдызынын бири. Аталышы Орион дөө-мергенчинин эки дөбөтүнүн бири мифологиядан алынган. Бул топ жылдызда эң жарык Сириус жылдызы бар. КМШнын аймагынын орто кеңдигинен кышында көрүнөт.