Тармактык Энциклопедия:ЧАГЫЛДЫРУУЧУ ТУМАНДУУЛУКТАР
Jump to navigation
Jump to search
– тумандуулуктун бир түрү. Ал тыгыз газ-чаң булуту түрүндө болот ж-а ага жакын жайгашкан В5 – В9 спектр классындагы жылдыздардан жарыктанат. Мындай тумандуулуктардын өлчөмү кичине болот ж-а эмиссиялык тумандуулуктарга караганда кыйла азыраак жаркырайт. Булардын жарыктыгы аларды жарык кылган жылдыздардын жарыктыгынан ондогон эсе төмөн болот.