Тармактык Энциклопедия:ЦЕФЕИДДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(Cepheid variable stars) – жаркырактыгы акырындык м-н мезгилдүү өзгөргөн үзгүлтүктүү өзгөрмө жылдыздар. Булар ак же саргыч жылдыздар, аты Цефей топ жылдызынын дельтасынан (d) келип чыккан. Аны 1784-ж. Гудрайк ачкан. Бул жылдыздуу асмандан оңой табылат. Ц-дин жарк этиши мезгилдүү өзгөрүп турат. Ал ар бир 5 күн 8 саатта кайталанат. Спектрдик байкоолор нурдук ылдамдыгы м-н спектрдик классы өзгөрүп турарын көрсөттү. Жылдыздын түсү да өзгөрүп турат. Бул жылдызда жалпы мүнөздөгү терең өзгөрүүнүн болушун ырастайт. Ц. эки топко бөлүнөт: Мезгили 1 суткадан кичирээк болгон кыска мезгилдүү Ц. өтө ысык ж-а мезгилдери 2 суткадан чоңураак классикалык Ц. муздак болот. Классикалык Ц-дин мезгилдери чоңойгон сайын жылдыздын жарык чыгаруучулугу ошончолук жогору болот. Жарык Ц. Ааламдын шам чырагындай алыстан көрүнүп турат. Ц. – жарыгы күчтүү зор жылдыздар. Жарыгы Күндүн жарыгынан ондогон миң эсе чоң. Ц. биздин Галактиканын өлчөмүн ж-а формасын аныктоого жардам берет. 


www.milkywaygalaxy.ru