Тармактык Энциклопедия:ЦЕЛОСТАТ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(coelostat) – саат механизминин жардамы м-н айлануучу жалпак күзгүлүү телескопко орнотулган астрон. аспап. Күзгүнүн айлануу огу дүйнөнүн огуна параллель болгондуктан, Ц. түзгөн асман жарык чыгаруучуларынын сүрөттөлүшү өз тегиздигинде кыймылсыз калат. Ц-тын жардамы м-н астрономдор асман чүмкөгүндө которуучу асман жарык чыгаруучуларына б айкоо жүргүзөт ж-а сүрөткө тартып алат. Көпчүлүк учурда Күнгө байкоо жүргүзүү үчүн колдонулат.