Тармактык Энциклопедия:ХРОНОМЕТР
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– экспедиция учурунда астрон. байкоо жүргүзүүлөргө колдонулуучу, о. эле навигациялык маселелерди чыгарууда пайдаланылуучу өтө так жүрүүчү алып жүрмө саат. Х-дин түзүлүшү чөнтөк сааттын түзүлүшүнө окшош. Көлөмүнүн чоңдугу ж-а өтө так жүргөндүгү м-н айырмаланат. Анын жүрүүсү темп-рага, механикалык дирилдөөгө ж.б. факторлорго көзкаранды эмес. Алагчкы деңиз х-лери 16-к-дын ортосунда пайда болгон, аны Ж. Хоррисон түзгөн. 20-к-дын 70-ж-рынан электрондук Х, кварц сааттары кеңири колдонула баштады.