Тармактык Энциклопедия:ХРОМОСФЕРА
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(chromosphere) – Күн атм-сынын фотосфера м-н Күн таажысынын ортосуна жайгашкан катмары. Калыңдыгы 7 – 8 миң кмдей. Ал Күн толук тутулуп, Ай фотосфераны толук жаап калганда күңүрт диска м-н курчалган күлгүн кызыл шакекче түрүндө көрүнөт. Х. фотосферадан туура эмес жайгашкан бир тектүү эмес түзүлүшү м-н айырмаланат. Х. негизинен өтө майда бүртүкчөлөр (спикулдар) ж-а спикулдардан түзүлгөн Х-лык торчодон турат. Х-да темп-ра өтө тез жогорулайт, үстүнкү катмарында ондогон миң градуска чейин жетет.