Тармактык Энциклопедия:ХАББЛ ТУРАКТУУЛУГУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(Hubble constant) – галактика чогулмаларынын космологиялык кеңейүү ылдамдыгы (J) аларга чейинки аралыкка (r) түз пропорциялуулугун туюнтуучу коэффициент; J=Н•r, мында H – Хаббл турактуулугу, r – галактикага чейинки аралык, J- анын алыстоо ылдамдыгы ,көп жылдык байкоо жүргүзүүлөрдүн негизинде H » 0,8•10-10 жыл-1 же H » 55км/сек•Мпк болору аныкталган. Х. т. бир тектүү изотроптуу Аалам теориясында чоң мааниге ээ. 1/H тескери чоңдугу убакыт өлчөмүнө ээ ж-а ал 1/H = 6•1017 сек же 20 млрд. жылга барабар. Бул турактуулук Э. П. Хабблдын ысымынан аталган, к. Ааламдын кеңейиши.


Hubble constant.jpg