Тармактык Энциклопедия:ФРАУНГОФЕР СЫЗЫКТАРЫ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(Fraunhoter line) – Күндүн туташ спектринде байкалган жутулуу спектринин сызыктары. Күн нуру атм-ра аркылуу өткөндө кээ бир хим. заттар өзүнө мүнөздүү нурларды жутуп алат да, анын ордуна спектрде караңгы сызыктар пайда болот. Бул сыяктуу жутулуу спектрлери жылдыздар арасындагы булуттар аркылуу өткөн нурлардын спектринде да пайда болот Ф.с. алгачкы жолу 1802-ж. У. Волластон ж-а кийинчерээк нем. физиги И. Фраунгофер (1787–1826) тарабынан табылган.