Тармактык Энциклопедия:ҮРКӨР
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(PLEIADES) – галактикалык чачыранды жылдыз чогулмасы. Ү. Жакында эле – 50 млн.го жакын жыл мурда пайда болгон. Күндөн 125 пк (410 жарык жылы) аралыкта турат. Букачар топ жылдызында жайгашкан. Бул чогулмада 540 (кээде андан да көп) жылдыз бар деп болжолдонот. Ү-дүн жаркырак жылдыздары – Альциона же Букачар топ жылдыздары. Ү-дүн диаметри 12 пк (40 ж. ж.) ж-а бардык жылдыздары асман мейкиндигиндеги параллель б-ча кыймылдашат.