Тармактык Энциклопедия:УЮЛДУК ТҮН
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– Күн кеңири кеңдикте горизонттун үстүнөн көтөрүлбөй ж-а Күн нуру тик тийбеген Жер шарынын түш. уюлунда болуучу убакыт мезгили. Ал 23 суткадан 176 суткага чейин созулат. Арктикада +78° түн. кеңдиктен уюлга чейин буурул түн башталганда Антарктикада –78° кеңдиктен түн. уюлга чейин уюлдук түн өкүм сүрөт. Түндүктөгү буурул түн жарым жылга, Түштүктөгү уюлдук түн да ошончо созулат.