Тармактык Энциклопедия:УРАН
Jump to navigation
Jump to search
(Uranus) – күн системасындагы планета; Күндөн алыстыгы б-ча 7-орунда. Зор планеталарга кирет. Диаметри б-ча Жерден 4 эсе чоң. Көлөмү Жердин көлөмүнөн 61 эсе, массасы жер массасынан 14,56 эсе чоң. Ортодогу тыгыздыгы 1,58 г/см3. Ал Күндөн өтө алыс жайгашкан ж-а 19,2 а.б. аралыкка жакын орбита б-ча айланат. У. 84,015 жылда Күндү толук бир жолу айланат. Спектрдик жол м-н анын планетасында молекулалуу суутектин ж-а метандын бар экендиги аныкталган. Уранды 1781-ж. кокусунан У.Гершель ачкан. У-дын 5 жандоочусу ж-а шакектер системасы бар.