Тармактык Энциклопедия:УМБРИЭЛЬ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(Umbriel) – Урандын табигый жандоочусу. Аны англ. астроном У. Лассель 1851-ж. ачкан. Уранга чейинки аралыгы 267 миң км, диаметри 1200 кмдей, тыгыздыгы 1400 кг/м3, Айлануунун синодикалык мезгили 4 сутка 3 с 29 мин. Урандын У-ден башка 4 жандоочусу бар. Булардын орбита б-ча айлануу тегиздиги өз ара бири бирине дал келет. Уран бүт жандоочулары м-н башка планеталардан өзгөчөлөнүп жантайыңкы – анын тегиздиги бүткүл планеталардын орточо тегиздигине перпендикуляр абалда турат.