Тармактык Энциклопедия:УБАКЫТ КЫЗМАТЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– так убакытты аныктоочу, сактоочу ж-а таратуучу иштердин комплекси. Ушул эле иштерди аткаруучу ил.-из. ин-тарынын, обсерваториялардын ж. б. мекемелердин атайы лабораториялары да У. к. деп аталат. У. К. байыркы убакта эле пайда болгон. Өнүгүү тарыхы практикалык астрон-нын өнүгүшү м-н тыгыз байланышкан. Астрон. обсерваториялардын, жогорку окуу жайларынын ж-а ил.-из. ин-тарынын атайын илимий лабораториялары катары У. к. салыштырмалуу жакынкы жылдарда гана түзүлгөн. Радио ойлоп табылгандан кийин гана мындай лабораториялар уюшулган. Биздин өлкөдө биринчи убакыт кызматы 1920-ж. Пулков обсерваториясында түзүлгөн. 14 У. к. иштейт. Алар Санкт-Петебург, Москва, Харьков, Иркутск, Николаев, Новосибирск ж-а Ригада. 
Атомдук саат чыкканга чейин так убакытты сактоо ж-а таратып туруу түрдүү маятниктүү ж-а кварц саатынын жардамы м-н ишке ашырылып келген. 1967-ж. атомдук убакыт киргизилгенден кийин У. к-нын түзүлүшү ж-а милдеттери кескин өзгөргөн.