Тармактык Энциклопедия:ТӨМӨНКҮ ЖАЛГАН КҮН
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– оптикалык кубулуш – галонун бир түрү. Бул кубулуш байкоочу булут астындагы самолётто же тоодо турганда булут муз кристаллдарынан байкалат. Күн вертикалынын чоң огунда эллипс формасындагы ак так түрүндө болот. Чыныгы Күн горизонттун үстүндө кандай аралыкта турса, о.эле аралыктан күн вертикалындагы горизонттун астынан Т. ж. К. жайгашат.