Тармактык Энциклопедия:ТЕРМОСФЕРА
Jump to navigation
Jump to search
– атм-ранын мезосферадан жогорку катмары: ал 80 – 90 км бийиктиктен башталат. 200 – 300 км бийиктикке чейин темп-ра улам жогорулап, 1500оСге жетет да, андан кийин кыйла бийиктикке чейин өзгөрбөй бир калыпта болот. 80 кмден 500 кмге чейин Т-нын тыгыздыгы I,8•10-8г/см3ден 1,8•10-15 г/см3га чейин өзгөрөт. 120 кмге жакын деңгээлде газдар тарап бөлүнө баштайт. 200 – 300 км деңгээлде кычкылтектин өтө жеңил атому көптүк кылат. 500 кмден жогорулаганда андан да жеңил суутек м-н гелийдин элементтеринин аралашмасы жолугат. Т-нын атомдору м-н молекулаларынын бир бөлүгү иондошкон абалда болуп, бир нече катмарга топтолот (к. Ионосфера). Т. Жердин жасалма жандоочусун токтотууга тоскоолдук кылат. Мындан башка Т-нын абалы ионосферага көбүрөөк көзкаранды.