Тармактык Энциклопедия:ТЕОДОЛИТ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– астрон. бурч өлчөгүч универсалдуу аспап. Конструкциясы жөнөкөй. Ал талаадагы геод. иштерди аткаруу үчүн атайы жабдылат. Негизги жумуш аткаруучу чени – градуска ж-а майда бөлүктөргө бөлүнгөн вертикаль ж-а горизонталь тегеректер. Универсалдуу аспаптарда горизонталь ж-а вертикаль бурчтарды өлчөөнүн тактыгы бирдей, ал эми Т-те вертикаль бурчка караганда горизонталь бурчту өлчөөнүн тактыгы кыйла жогору.