Тармактык Энциклопедия:ТЕЛЕСКОПТУ ОРНОТУУ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– телескоптун көрүү түтүгүн керектүү асман объектисине багыттоо. Ал үчүн атайын штативге бекитилет. Көрүү түтүгүн өз ара перпендикуляр эки октун айланасында айландырууга мүмкүндүк берет. Орнотуунун негизи ок. 1-окко салыштырмалуу 2-октун айланасында көрүү түтүгү айланат. Мейкиндиктеги октун багытына карата Т. о. бир нече түргө бөлүнөт.