Тармактык Энциклопедия:ТЕЛЕСКОПТУН ЭКВАТОРДУК ОРНОТМОСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:24, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– уюлдун же сааттын башкы огу дүйнөнүн уюлуна багытталып, ал эми 2-огу ага перпендикуляр ж-а экватор тегиздигинде жаткандай орнотулган орнотмо. Экватордук орнотмодо көпчүлүк учурда жылдыздардын суткалык кыймылын көзөмөлдөө үчүн телескопту бир гана уюлдук октун айланасында буруу жеткиликтүү болот. Маунт-Паломар (АКШ) обсерваториясындагы 5 метрлүү рефлектор экватордук орнотмо м-н жабдылган. Ушуга эле окшош Крым астрофиз. обсерваториясына 2,6 метрлүү рефлектор орнотулган, ал эми атайын астрофиз. обсерватория дүйнөдөгү эң ири 6 метрлүү рефлектор альт-азимуттуу орнотмо м-н жабдылган. Жердин жасалма жандоочусунан байкоо жүргүзүү үчүн ж-а түрт октуу орнотмо фотокамералар колдонулат. 


www.ru.wikipedia.org