Тармактык Энциклопедия:ТЕЛЕСКОП

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
– асман телолоруна байкоо жүргүзүүчү астрон. оптикалык аспап. Оптикалык схемасына карата күзгүлүү (рефлектор), линзалуу (дефрактор) ж-а күзгү-линзалуу Т-ко айырмаланат. Линзалуу Т-тун объективи оң, окуляры терс болсо, анда ал Галилей системасы же телескобу деп аталат. Кеплер системасынын объективи ж-а окуляры да оң. Галилей телескобу түз мнимый сүрөттөлүштү берет, анын көрүү талаасы аз, жарык күчү начар, конструкциясы жөнөкөй. Көбүнчө театрларда колдонулат. Кеплер системасы объектинин айландырылган чыныгы сүрөттөлүшүн берет. Кеплер системасы көз м-н көрүүчү Т-тордо колдонулат. Т. фотографиялык, телекөрсөтүү, электрондук-оптикалык, көз м-н көрүү ж. б. да нурланууну кабылдагычтардын жардамы м-н фотографиялык, спектрдик, фотоэлектрдик байкоолорду жүргүзөт. Көз м-н көрүүчү Т-тун.