Тармактык Энциклопедия:ТЕКТИТТЕР
Jump to navigation
Jump to search
(tektite) – массасы бир нече грамм, өлчөмү анча чоң эмес айнек бөлүктөр. Жер бетинин Антарктидадан башка ар кайсы жерлеринен кезигет. Метеорит кратерлеринин пайда болушунда алыска ыргыган заттардын муздагандагы чачырандылары. Алардын формасы ж-а өлчөмү ар кандай, түсү көк, сары же кара. Магниттик касиетке ээ эмес. «Тектит» терминин Э. Зюсс (1900) кийирген. Т-ге көпчүлүк учурда табылган жердин аты коюлат. Азыркы күнгө чейин кандайча пайда болгондугу ж-дө болжолдуу гана маалыматтар болбосо, толук маалымат жок.