Тармактык Энциклопедия:ТАШКЫН ЖАНА ТАРТЫЛУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:24, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– океандар м-н деңиздердеги суу деңгээлинин мезгилдүү көтөрүлүшү ж-а төмөндөшү. Сутканын аралыгында 12 с 25 минга жакын эки жолу океандардын жээктеринде же ачык деңизде суу көтөрүлөт (ташкындайт), андан кийин төмөндөйт (тартылат). Байыркы убакта эле адамдар Т. ж-а Т-ну Ай м-н байланыштырышкан. Чындыгында ташкындын негизги себеби, Ньютон айткандай, Жер м-н Айдын тартылуусу. Жер м-н Айдын тартылуусу Жердин, айрым бөлүкчөлөрүн Айдын тартуусунан топтолот. Ошол учурда Айга жакын турган бөлүкчөлөр күчтүү, ал эми алысыраагы начар тартылат. Эгер Жер абсолюттук катуу нерсе болсо, анда мындай айырмачылык эч мааниге ээ болмок эмес. Жер абсолюттук кара нерсе эмес, анын суусу бар бөлүгү жакшы деформацияланат. Натыйжада Жердин Айды караган ж-а анын карама-каршы жагынын бетиндеги суу ташкын урчугун пайда кылып көтөрүлөт да, ашык суу топтолот. Жердин перпендикулярдуу 2-диаметринин учтарындагы суунун деңгээли төмөндөп тартылат. Ачык океанда ташкын учурунда суунун көтөрүлүшү (1 м) анча байкалбайт, ал эми жээктерде, бухта ж-а кууш куймаларда ташкын учурунда суунун деңгээли жогору болот. Эң чоң ташкын Канаданын жээктеринде (18 м), Охота деңизинин жээктеринде (13 м) байкалат. Т. ж-а т. Күндө да болот. Ал Айга караганда 2,2 эсе аз. Ташкын кубулушу сууда гана болбостон Жердин аба катмарында, о.эле Жердин катуу заттарында да болот. Ташкын электр станцияларын куруу келечектүү иш.